Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Акыйкатчы Токон Мамытовду кабыл алды

Кыска кабар | 2 мая 2019 | 429 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-майда, Кыргызстан элинин Ассамблеясынын кеңешинин төрагасы, акыйкатчы Токон Мамытовду кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Ассамблеянын отчеттук мезгилдеги иштеринин жыйынтыктары, Ассамблеянын 25 жылдык мааракесин жана уюмдун IX курултайын өткөрүү талкууланды.

Сооронбай Жээнбеков Ассамблеянын этникалык көп түрдүүлүктү сактоодо, жарандык интеграцияны өнүктүрүүдөгү ролун, уюмду кайра форматташтыруунун маанилүүлүгүн жана социалдык-экономикалык учурдагы реалдуулукка жөндөмдүү болушун, мындан ары айрыкча өлкө аймактарындагы мамлекеттик органдар менен өз ара тыгыз байланышынын зарылдыгын баса белгиледи.

Кыргызстан элинин Ассамблеясынын кеңешинин төрагасы Токон Мамытов Ассамблеянын 25 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чарага жана уюмдун IX курултайына карата  даярдыктардын жүрүшү жөнүндө маалымат берди.

Ал белгилегендей, салтанаттуу иш-чарага 15 өлкөдөн өкүлдөр чакырылган. 400дөн ашуун конок катышуусу күтүлүүдө.

Мындан тышкары, Токон Мамытов жакын арада Жогорку Кеңеште Акыйкатчынын аткарган иштери тууралуу отчету берилерин маалымдады.

Copyright © 2017 Maral FM