Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-венгер кызматташтыгы талкууланат

Кыска кабар | 2 мая 2019 | 421 | 0

Өлкөнүн Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Венгрия мамлекетинде иш сапары башталды.

Иш сапардын алкагында Айдарбеков Венгриянын Тышкы иштер министри Петер Сийярто менен жолугат.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин Маалыматтык Департаменти билдирди.

Министр ошондой эле, Венгриядагы бир катар өнөр жай, айыл чарба тармагындагы ишканаларга барып, алардын иши менен таанышат.

Copyright © 2017 Maral FM