Биз менен байланышыңыз

Жогорку Сот Садыр Жапаровго чыккан чечим тууралуу түшүндүрмө берди

Кыска кабар | 1 мая 2019 | 395 | 0

30-апрелде Жогорку Соттун соттук коллегиясы саясатчы Садыр Жапаровдун жаза мөөнөтүн 1 жыл 6 айга жылга кыскартып, аны 10 жылга кести. Бул боюнча Жогорку Сот бүгүн түшүндүрмө берди.

Соттук отурумдун жүрүшүндө, прокурор айыпталуучу Садыр Жапаровго карата жаза мөөнөтү 1,5 жылга кыскартылууга жатат деген пикирин билдирген.

Жогорку соттун соттук коллегиясы жактоочу Базарбековдун арызын жана Өкмөткө караштуу Жазык аткаруу мамлекеттик кызматынын №1 мекемесинин сунушун канааттандырып, Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 244 беренесинин 2-бөлүмүнүн 1,2-пунктуна ылайык соттолуучу Садыр Жапаровго мурда берилген 11 жыл 6 айлык жаза мөөнөттүн 1 жыл 6 айы алынып салынган.

Анткени, Жапаров Кылмыш Жаза Кодексинин барымтага кармоо далалат жасагандыгы үчүн соттолгон, ал эми аталган кылмыш Кыргыз Республикасынын ЖКнин 244-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1,2-пунктун (2017-редакциясы) өзүнө камтыйт жана анда IV категориядагы эркиндигинен ажыратуу, башкача айтканда, 7 жыл 6 айдан 10 жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат деп көрсөтүлгөн.

Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен чыгып жүргөн Жапаров 2013-жылы «Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде камалган. 2018-жылы июнь айында экс-депутат 11 жыл, 6 айга кесилген.

Copyright © 2017 Maral FM