Биз менен байланышыңыз

Мексикада Балдар күнүндө 200 бала тамакка ууланды

Дүйнө , Кыска кабар | 1 мая 2019 | 623 | 0

Мексиканын Герреро штатында Балдар күнү белгиленип, анда сапатсыз тамактан 200дөй бала ууланган. Бул тууралуу аталган штаттын губернатору Эктор Астудийо кабарлаганын жергиликтүү маалымат каражаттары билдирди.

Маалыматка ылайык, Мешкальсинго айылындагы баштапкы мектептин окуучулары улуттук тамакты жеген соң, өздөрүн начар сезип башташкан. Алардын 108и ооруканага жеткирилген.

Жабыр тарткандарга дарыгерлер, Кызыл Ай коомунун мүчөлөрү жана куткаруучулар тобу жардам беришкен.

Учурда окуучулардын абалы туруктуу.

Copyright © 2017 Maral FM