Биз менен байланышыңыз

КРФФ: Футзалдын финалынын биринчи беттешинде «EREM» жеңүүчү

Кыска кабар , Спорт | 30 Апр 2019 | 678 | 0

Өлкөнүн футбол федерациясынын тартип (дисциплинардык) комитети футзал боюнча Кыргызстандын суперлигасынын финалдык сериясынын биринчи беттеши боюнча өзүнүн чечимин чыгарды.

«Алга-Дордой» командасы аягына чейин ойноодон баш тартканы үчүн беттештин оюн токтогонго чейинки мүнөттөрүндө 4:1 эсеби менен алдыда келаткан «EREM» командасы жеңүүчү деп табылганын жарыялады.

Бул тууралуу уюмдун маалымат кызматы кабарлады.

Эске сала кетсек 28-апрелде футзал боюнча Кыргызстандын суперлигасынын «EREM» — «Алга-Дордой» финалдык сериясынын Ош шаарында болгон алгачкы беттешинде оюндун бүтөрүнө 12 мүнөт калганда, бишкектиктер оюн талаасынан чыгып кетишкен.

Беттештин экинчи бөлүгүнүн сегизинчи мүнөтүндө «EREM» командасы 4:1 эсебинде алдыда келаткан болчу.

Муну менен финалдык оюндар сериясында 2:0 эсеби менен башкы машыктыруучу Данияр Абдыраимовдун «EREM» командасы алдыга чыкты.

Copyright © 2017 Maral FM