Биз менен байланышыңыз

Ногойбаев: Ош – Стамбул авикаттамын ачуу демилгеси каралууда

Кыска кабар | 30 Апр 2019 | 665 | 0

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Өкмөтүнүн ортосундагы 1994-жылдын 14-октябрында Анкара шаарында кол коюлган аба каттамдарын орнотуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол боюнча ратификациялык мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Транспорт жана жол министринин орун басары Жеӊишбек Ногойбаевдин айтымында, жогоруда аталган келишимдин алкагында Ош-Стамбул авикаттамын ачуу демилгеси каралууда.

«Түрк тарап зарыл документтердин баарына кол койду, эми аны кыргыз тарап ратификациялоого тийиш», — деди Жеӊишбек Ногойбаев.

Депутат Исхак Масалиев бул өтө маанилүү келишим экенин, айрыкча ишкерлерге оӊ таасирин тийгизе турганын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM