Биз менен байланышыңыз

ЕАЭБдин өкмөттөр аралык ЕАЭК жыйынында 13 маселе каралат

Кыска кабар | 30 Апр 2019 | 603 | 0

Бүгүн Армениянын борбору Ереванда ЕАЭБдин өкмөттөр аралык Евразиялык кеңешмеcинин  жыйыны өз ишин баштады.

ЕАЭБдин өкмөттөр аралык Евразиялык кеңешмесинин жыйыны Еревандагы Карен Демирчян атындагы спорттук-концерттик комплексинде өтүп жатат. Иш-чара премьер-министрлердин сүрөткө чогуу түшүүсү менен башталып, тар чөйрөдөгү жыйын менен уланды.

Жыйынга Кыргызстандын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев, Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев, Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин жана Белоруссиянын өкмөт башчысы Сергей Румас жана Армениянын өкмөт башчысы Николь Пашинян катышууда.

Ал эми Евразиялык экономикалык комиссиянын төрагасы Тигран Саркисян ЕАЭБдин өкмөттөр аралык евразиялык кеңешмесинин жыйынында жалпысынан 13 маселе карала турганын айтып, тар чөйрөдө сегиз маселе, ал эми кең чөйрөдөгү жолугушууда калган маселелер талкууланарын айтты.

Аларды санап өтсөк, «Өндүрүштүк кооперациялар, субконтрактациялар жана технологиялардын трансфери боюнча евразиялык тармак» долбоорун ишке ашыруу, электрондук кол тамгалардын стандарттарын колдонуу, Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын өзгөртүлгөн чечими, ЕАЭБдин ички рыногундагы функциялардын көзөмөлдөнүшү, бажы алымдарынан түшкөн каражатты ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бюджетине текши бөлүү, санариптик экосистеманы өнүктүрүү, сырткы экономикалык алакаларды жөнгө салуу үчүн «бирдиктүү терезенин» колдонулушу тууралуу маселелер каралмакчы. Ошондой эле Евразиялык экономикалык комиссиянын жаңы төрагасына талапкер көргөзүү жана ЕАЭБдин өкмөттөр аралык евразиялык экономикалык жыйынын келерки жылы каерде өткөрүү тууралуу да талкууланмакчы.

Copyright © 2017 Maral FM