Биз менен байланышыңыз

Футзал суперлига: Финалдык беттештер сериясынын экинчисин «EREM» утту

Кыска кабар , Спорт | 29 Апр 2019 | 536 | 0

Футзал боюнча Кыргызстандын суперлигасынын финалдык сериясындагы «EREM» — «Алга-Дордой» атаандаштыгынын экинчи беттешин машыктыруучу Данияр Абдыраимов башында турган «EREM» утту.

Бүгүн Ош шаарындагы «Шавкат» спорттук комплексиндеги беттеш 6:1 эсебинде «EREM»дин жеңиши менен аяктады. Оштук команданын беттештеги 5 голун суперлиганын бомбардири Максат Алимов киргизди.

Бул командалар кечээ алгачкы беттешке чыгышкан. Оюндун экинчи бөлүгүнүн сегизинчи мүнөтүндө эсеп 4:1, талаа ээлеринин пайдасында болуп, оюн аяктай электе эле Бишкектик команда оюн талаасынан чыгып кеткен.

Эске сала кетсек, Футзал боюнча Кыргызстандын суперлигасынын финалына Оштун «EREM» командасы менен Бишкектин «Алга-Дордой» клубу чыккан. Финалдык беттештер сериясы 3 жеңишке чейин уланат.

Алгачкы беттештер 28-29 апрелде Ош шаарындагы «Шавкат» спорттук комплексине белгиленген.

Суперлиганын финалынын кийинки беттеши Бишкек шаарында өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM