Биз менен байланышыңыз

Талгарбеков: Саясаттан чарчаган жокмун

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Апр 2019 | 544 | 0

Мен саясаттан чарчаган жокмун. Мындай пикирин саясатчы Бекболот Талгарбеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Эгерде толук акталып калсам, саясатка аралашып, парламенттик шайлооого катышууга эмне үчүн болбосун? Көпчүлүк партиялар мени катарына кошуууга кызыкдар. Өз абийирим үчүн эл деп аракет кылып жатканымды балдарым, туугандарым көрүп жатат. Бул — мен үчүн абдан чоң мүмкүнчүлүк. Мени бүгүн аракечтер, жатып ичерлер, бир ууч шүмшүктөр гана жаман көрөт. Калгандарынан алкыш угуп келе жатам. Мурда түшүнбөгөндөр көп болчу», — дейт Талгарбеков

Ал мындан сырткары, Кыргызстандын мурдагы президенттери Аскар Акаевдин да, Курманбек Бакиевдин да тушунда Жогорку Кеңешке депутат, облустарга губернатор болууга бир топ мүмкүнчүлүк болгонун белгилеп, бирок сунуштардан баш тартканын кошумчалады.

 Белгилей кетсек, «Элдик парламент» оппозициялык бирикмесинин жетекчилерине карата Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитети тарабынан 2016-жылдын май айында кылмыш иши козголгон. Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев жана башкалар «бийликти күч менен басып алууга даярдануу» беренеси менен айыпталышкан. Прокурорлор мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети үчүн Талгарбековду 17 жылга эркинен ажыратууну сурашкан.

Талгарбеков 2019-жылдын 7-мартында эркиндикке чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM