Биз менен байланышыңыз

Талгарбеков: Атамбаевди сотко берем

Кыска кабар | 25 Мар 2019 | 524 | 0

«Элдик парламент» деп аталган коомдук кыймылдын лидери Бекболот Талгарбеков экс-президент Алмазбек Атамбаевди сотко берет. Бул тууралуу ал өзү Марал радиосуна билдирди. Анын айтымында, соттук чечим Атамбаев аларды төңкөрүш кылууга аракеттенген деп айыптоосун жалганга чыгарган.

-Азыр жактоочум менен жолугушууга кетип бара жатам. Керектүү документтердин баарын чогулттум. Бул же келерки жума сотко кайрылабыз. Мени 17 жылга камагысы келгени үчүн кенемтенин өлчөмүн 17 миллион сом деп койдум, — деди Талгарбеков.

Буга чейин Жогорку сот Бекболот Талгарбековду Кылмыш-жаза кодексинин «Бийликти күчкө салып тартып алуу» беренеси боюнча актаган.

2017-жылы Бишкектин Биринчи май райондук соту ​»Элдик парламент» оппозициялык кыймылынын мүчөлөрү Бекболот Талгарбеков менен Төрөбай Колубаевди 14 жылга эркинен ажыраткан эле.

Copyright © 2017 Maral FM