Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышат

Кыска кабар | 29 Апр 2019 | 435 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Евразия экономикалык биримдигинин Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Армениянын Ереван шаарында өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында Армения, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан жана Орусиянын өкмөт башчылары тарабынан Евразия экономикалык биримдигинин алкагында соода, өнөр жай, айыл чарбасы, транспорт, туризм,  илим жана инновациялар сыяктуу багыттарда кызматташууларды кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө тийиштүү маселелердин кеңири чөйрөсү каралат.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюулуусу күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM