Биз менен байланышыңыз

«Кытай түшүнүксүз, коркунучтуу мамлекеттей сезилет»

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Апр 2019 | 622 | 0

Кытайдын Кыргызстанды экономикалык жактан  көз каранды кылалы деген ою болушу мүмкүн. Аны танууга болбойт. Мындай пикирин Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору, саясат талдоочу Алмаз Акматалиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан жалгыз калса, Кытайга туруштук бере албайт.

«Андыктан, жалгыз калбашыбыз керек. Кытайга «биз демократиялык мамлекетпиз, басып алам деген оюң болбосун» деген белгилерди байма-бай берип туруу өтө маанилүү. Биз сапаттуу товар өндүргүлө деп, Кытайдын өнөр жайына түрткү болуп жатабыз. Кытайдын жашоо деңгээли өсүп, экологиялык таза жемиш жегенге аракет кылууда. Алардын да талабы күчтүү. Биз жашыл экономика деген брендди кармап турушубуз кажет», — дейт Акматалиев.

Ал буга кошумча, Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери Кытай менен болгон мамиле көп өзгөрбөгөнүн белгилеп, колдон келсе жакшы ымаланы улантуу зарыл экенин айтып өттү.

«Батыштын, АКШнын таасири түшүнүксүз. Батыш мамлекеттери да эл аралык банктар аркылуу Кыргызстанга карыз дипломатиясын жүргүзүп келе жатат. Батыш Кытайда дин эркиндиги жок, адам укуктары корголбойт деп сынга алып, күнөөлөп жатат. Бирок, бул жөн гана шылтоо. Кытайлар өздөрүн жаңыдан өнүгүп келе жаткан мамлекет катары санап, жарды эли бар экенин ачык айтып жатат. Ошол эле учурда Кытай өлкөдөгү радикалдык Исламды тыптыйпыл кылды. Кытай дагы бир жолу түшүнүксүз, коркунучтуу мамлекеттей сезилет. Үрүмчүдө бир да мечит калбаганы айтылат«, — дейт Акматалиев.

Copyright © 2017 Maral FM