Биз менен байланышыңыз

Жетим балдардын көйгөйлөрүнө арналган форум өтүүдө

Кыска кабар | 29 Апр 2019 | 583 | 0

Бүгүн Бишкекте «Турмуштук оор кырдаалга кабылган жетим балдардын көйгөйлөрү жана аларды жумушка орноштуруу менен маселелерди чечүү жолдору» аталышта форум өтүп жатат.

Жеринен кабарчыбыз билдиргендей, демилгечи депутат Махабат Мавлянова балдар үйүндө тарбияланган өспүрүмдөрдү бизнес коомчулугунун жардамы менен ишке орноштуруу демилгесин көтөрүп чыкты.

Эл өкүлүнүн айтымында, форумга өлкө аймагы боюнча 70тей бала жана бир катар ишкерлер катышууда. Форумдун максаты ата-энесинен ажыраган балдарды жумуш менен камсыз кылуу, аны ишке ашыруу жолдорун талкуулап, балдарды ишкерлер менен тааныштыруу болуп саналат. Бейөкмөт уюмдардын жүргүзгөн изилдөөсүнө ылайык, учурда мектеп-интернаттарды аяктаган жетим балдардын 10%ы гана жумуш менен камсыз болот.

Copyright © 2017 Maral FM