Биз менен байланышыңыз

Убарасы көп убактылуу күбөлүктөр

Коом | 20 Июн 2019 | 836 | 0

Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу «Унаа» мамлекеттик мекемесинин адистеринин билдиришинче, айдоочулук күбөлүк менен автоунааны каттоо бланктарынын ордуна, 10-июндан 1-октябрга чейин убактылуу документтер берилет. Мындай кадамга барып жатышкандарынын себеби, жогорудагы документтерди даярдап келген компания менен түзүлгөн келишимдин мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу.

 Айдоочулук күбөлүктөрдү жана автоунааны каттоо бланктарын  чыгаруу үчүн 8 жылга келишим түзгөн компаниянын мөөнөтү ушул жылдын апрель айында аяктаган. Буга байланыштуу жаңы компания менен келишим түзүлгүчө, убактылуу документтер берилет. Мындай мааалыматты Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу «Унаа» мамлекеттик мекемесинин жетекчисинин орун басары Үсөйүн Касымалиев билдирди. Анын айтымында, автоунааны каттоо бланктарын чыгаруу боюнча тендер өткөрүлүп, «Гознак» ишканасы менен келишим түзүлгөн. Ал эми айдоочулук күбөлүктөрдү чыгаруу үчүн тендер 17-июндан баштап жарыяланганын маалымдап, буларга токтолду:

— Убактылуу күбөлүктөрдү колдонуудагы күбөлүктөрдүн маалыматттары толугу менен камтылган. Эл арасында: «Убактылуу күбөлүктөр жөнөкөй кагазга чыгып жатат», — деген ишенбөөчүлүк болуп жатыптыр. Бул, биринчиден, автоматташтырылган системадан чыгып жатат, экинчиден, «QR-код» менен чыгат. Аны смартфондун жардамы аркылуу жасалма же жасалма эместигин текшерип алса болот.

Жергиликтүү компаниялардын тендерге катышып, утуп чыгышы мамлекеттин бюджетине салым кошот. Мындай пикирди Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрайымы, депутат Махабат Мавлянова билдирди. Ошондой эле, эл үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, мерчемделген иштерди жүзөгө ашыруу, тендерден утуп чыккан компаниядан да көз каранды экенин айтты.

— Мамлекеттик орган убагында тендер өткөрбөгөндүктөн, күнөөсүн сезип, элге кыйынчылык болбосун деп, күбөлүктөрдү бекер берип жатат. Бул үчүн канча каражат кеткенин тактап туруп айтуу керек. Ал эми, тендерди кечиктирип өткөргөнү үчүн жоопкерчилик жагын да кароо керек.

Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилиги тарабынан айдоочулук күбөлүктөрдү жана автоунааны каттоо бланктарын чыгарууда жетишерлик көзөмөл кылынбаганын белгиледи. Анын пикиринде, аталган мекеменин кызматкерлери  финансылык  маселеде милдеттерин так аткарбай жатат.

— Мамлекеттик маанилүү документтер бар. Паспорт, айдоочулук күбөлүк, техпаспорт үчүн мамлекет жылына 6 миллиард сомдун тегерегинде каржы коротот. Биз ушул иштерди аткарууну ата мекендик «Гознак», «Учкун» сыяктуу ишканалар колго алса деген сунушту айтып жатабыз. Коротулган каражаттын жарымы өзүбүздүн бюджетке түшмөк. Мамлекеттик каттоо кызматынын иши да алга жылмак.

Эске сала кетсек, бланктарды чыгаруу боюнча 2011-жылкы тендерден утуп чыккан  чет өлкөлүк «Атлас Групп» компаниясы мамлекет менен 8 жылга келишим түзүп, аталган убакыт ичинде 25 миллион еврого буюртма алган.

Copyright © 2017 Maral FM