Биз менен байланышыңыз

Жетимдердин 10 %ы гана жумуш менен камсыз болот

Коом | 29 Апр 2019 | 643 | 0

Бишкекте «Турмуштук оор кырдаалга кабылган жетим балдардын көйгөйлөрү жана аларды жумушка орноштуруу аркылуу маселелерди чечүү жолдору» аталышындагы форум болуп өттү. Иш-чаранын негизги максаты: ата-энесинен ажыраган балдарга кесиптик билим берип, бизнес коомчулугунун жардамы менен жумушка орноштуруу болуп саналат. Форумга өлкө аймагынан 70тей бала чакырылып, ага жумуш менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүгү бар мамлекеттик жана жеке менчик ишканалардын өкүлдөрү катышты.

17 жаштагы Албина ата-энесинен эрте ажыраган. Бирок, тагдырдын катаал соккусуна сынбаган кыз учурда кесиптик лицейлердин биринде ашпозчулук кесиби боюнча окуп жатат. Учурда аны: «Окууну бүткөн соң, эмне кылам?» деген ой түйшөлтүп турат.

— Бул жакка окуганы келгем. Ашпозчулук кесип өзүмө жагат. Келечекте ушул тармакта жакшы билим алып, өз алдымча бизнес жасасам дейм. Бирок кесипке ээ болгондон кийин, мени жумушка алышабы деп да ойлоном. Келечек кандай болорун убакыт көрсөтөт.

Ал эми Татьяна 1 жыл мурда интернатты аяктап, кесиптик билим алуу үчүн шаарга келген. Учурда ал да ашпозчулук тармагында билим алып жатат. Кесиптик билимди алган соң, жумуш менен камсыз болуу түйшүгү аны да ойлонтот.

— Апам рак оорусунан каза болду. Атам качан, кантип каза болгонун билбейм. Мен балдар үйүндө чоңойдум. Учурда кесиптик лицейде окуп жатам. Балдар үйүндө окуп жүргөндө эле ашпозчулукка кызыкчумун. Бирок, кесиптик лицейди аяктаган соң, жумушка орношо аламбы? Бул — чоң суроо. Антсе да, агай-эжелерим мага колдоо көрсөтүп, жардам берет го деп үмүттөнүп турам.

Жыл сайын Альбина, Татьяна сыяктуу балдар үйүнөн тарбияланган жүздөгөн бала кесиптик билим алып, окуу жайды аякташат. Бирок, жаштайынан турмуштук оор кырдалды көргөн бул балдардын баарын жумуш жана турак жай маселеси түйшүккө салат. Анткени, бейөкмөт уюмдардын изилдөөсүнө ылайык, балдар үйүндө тарбияланып, кесиптик билим алган балдардын 10 %ы гана жумуш таап кете алат. Калгандары жумушсуз калып, ар кандай жагдайды башынан кечиришет. Балдардын эмне үчүн жумушка орношо албай каларын «Биздин добуш» коомдук уюмунун жетекчиси Айнура Ормонова минтип түшүндүрөт:

— Биринчиден, бул балдар кенедейинен мамлекеттин камкордугунда болуп келгендиктен, чоң турмушка жөндөмсүз келишет. Билим алышса да, кантип иштөө керектигин билишпейт. Коомго аралашпаганы үчүн элге мамиле кылуу жагынан да аксашат. Ишке орношкону менен  1-2 күндөн кийин эле тил табыша албай, же башка маселелерден улам, жумуштан кетип калышат. Экинчиден, биздин коомдо балдар үйүндө тарбиялангандарга көз караш башкачачаак. Балдар үйүндө тарбияланып жатканда баары эле жардам бергиси келет, бирок жумушка алууга келгенде ойлонуп калышат. «Ишенсе болобу? Адистигин кандай алып кете алат?» — деген сыяктуу суроолор ар бирин түйшөлтүп турат.  

Мындан улам, эл өкүлү Махабат Мавлянова бизнес коомчулугунун көмөгү менен ата-энесинен ажыраган балдарды жумушка орноштуруу демилгесин көтөрүп, мунун алкагында форум болуп өттү. Депутаттын айтымында, мамлекетти карап отура бербей, ушундай жол аркылуу маселени чечип, турмуштук оор кырдаалга кабылган балдардын келечегин сактап калууга болот.

— Илимий жана практикалык изилдөөлөргө ылайык, орточо эсеп менен балдар үйүндө тарбиялангандардын 60-70 %ы камкордуксуз калып, көчөдө жашагандардын катарын толукташат. Ал эми, кыздардын көпчүлүгү туура эмес жолго түшүп кетет. Анткени, алар билим алышса да, жумушка орношо албай, же орношсо айлыгы аз болуп, оор кырдаалга туш болушат. Ошондуктан, ишкерлер аларды жумуш менен камсыз кылууга көмөктөшүп, насаатчы болушса, балдарды келечектеги чоң коркунучтан сактап калмак.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда 1100дөн ашык тоголок жетим балдар бар.

Copyright © 2017 Maral FM