Биз менен байланышыңыз

Махабат Мавлянова парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан катышат

Кыска кабар | 14 Окт 2021 | 286 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз калтырды. Бул тууралуу БШКнын расмий сайтына жарыяланды.

Мавлянова №4 Көк-Жар округунан талапкерлигин көрсөткөн.

Учурда парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан катышуу үчүн 387 талапкерден арыз түшкөн.

Белгилей кетсек, 28-ноябрдагы парламенттик шайлоо жаңы Конституция жана анын негизинде иштелип чыккан шайлоо мыйзамы боюнча өтөт. Ага ылайык парламентте 90 депутат болот. Алардын ичинен 54 депутат партиялык тизме жана 36сы бир мандаттуу округ аркылуу шайланып келет.

Бир мандаттуу округдан өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлерди каттоо кечээ, 13-октябрда аяктады. Ал эми документтерди кабыл алуу 18-октябрда аяктайт.

Copyright © 2017 Maral FM