Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик тил мыйзамдарынын аткарылуусун текшерүү сунушталды

Без рубрики , Кыска кабар | 24 Янв 2019 | 634 | 0

«Мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасынын аткарылуусу 30 пайызга да жетпейт. Кыргыз тилин өнүктүрүүнүн алкагында кабыл алынган мыйзамдардын ишке ашуусу кандай болгонун текшерүүчү жумушчу топ түзүү керек«. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Махабат  Мавлянова билдирди.

Ал коңшу Казакстанда аз убакытта казак тили жогорку деңгээлге чыкканын, Орто Азиядагы башка өлкөлөр атайын программаларды иштеп чыкпаса да жарандары мамлекеттик тилди жакшы билишерин кошумчалады.

Анын айтымында, жумушчу топ мамлекеттик тил боюнча мыйзам жана буйруктардын аткарылышын текшериши керек. Өлкөдө мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер мамлекеттик тилди А2, Б1 деңгээлинде билүүсү шарт. Бул жаатта абал кандай экенин да кароо зарылдыгын депутат кошумчалайт.

Copyright © 2017 Maral FM