Биз менен байланышыңыз

Тажикстан-Кытай чегинде жер силкинди

Кыска кабар | 29 Апр 2019 | 406 | 0

Бүгүн, 29-апрелде таңкы саат 06:20 чамасында Кытай менен Тажикстан чектешкен аймакта жер титиреди. Силкинүүүнүн күчү Кыргызстандын Ош облусунда да сезилип, 3,5 баллга жеткенин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Жер титирөө очогунда, тактап айтканда, Кытай менен Тажикистан чектешкен аймакта күчү 5,5 баллга жеткен.

Маалыматка караганда, жер титирөөнүн күчү Ош облусунун Алай районунун Нура жана Бор-Дөбө айылдарында 3,5 баллга чейин жеткен. Кырсыктан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Copyright © 2017 Maral FM