Биз менен байланышыңыз

Футзал: Суперлиганын алгачкы финалдык беттеши чыр менен аяктады

Кыска кабар , Спорт | 29 Апр 2019 | 619 | 0

Футзал боюнча Кыргызстандын суперлигасынын «EREM» — «Алга-Дордой» финалдык сериясындагы алгачкы беттеши аягына чыкпай токтоду.

Кечээ Ош шаарындагы «Шавкат» спорттук комплексинде финалдык сериялардын алгачкы беттеши башталган. Оюндун экинчи бөлүгүнүн сегизинчи мүнөтүнө келгенде чыр чыгып, оюн токтотулган.

Беттеште талаа ээлери «EREM» 4:1 эсебинде алдыда болчу.

Эки футболчу топ талашып, бири-бирин түртүп кеткен көрүнүш чырга айланып, оюн токтоп калды. Көпкө созулган териштирүүдөн соң, «Алга-Дордой» командасы беттеш аяктай электе эле оюн талаасынан чыгып кетти.

Өлкөнүн футбол федерациясы бул маселе уюмдун тартип (дисциплинардык) комитети тарабынан териштирилерин айтууда.

Эске сала кетсек Футзал боюнча Кыргызстандын суперлигасынын финалына Оштун «EREM» командасы менен Бишкектин «Алга-Дордой» клубу чыккан. Финалдык беттештер сериясы 3 жеңишке чейин уланат.

Алгачкы беттештер 28-29 апрелде Ош шаарындагы «Шавкат» спорттук комплексине белгиленген.

Copyright © 2017 Maral FM