Биз менен байланышыңыз

Кытайдын төрагасы Назарбаевге «Жогорку Достук» орденин тапшырды

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Апр 2019 | 633 | 0

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Казакстандын туңгуч президенти, эл башы Нурсултан Назарбаевди Кытайдын чет өлкөлүк жарандарга берилүүчү «Жогорку Достук» ордени менен сыйлады.  Бул тууралуу  Tengrinews.kz маалымат агенттиги жазды.

Тапшыруу аземинде Си Цзиньпин салтанаттуу азем атайын Кытай элинин эски жана чоң досу Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевге «Жогорку Достук» орденин тапшыруу үчүн уюштурулганын билдирди.

Ошондой эле, ал Назарбаевдин дүйнө жүзүндө кадыр-барктуу жана кытай-казак стратегиялык мамилелеринин негиздөөчүсү экендигин баса белгиледи.

Мисал катары, чек ара маселелери жөнгө салынганын жана эл аралык мунай жана газ түтүктөрүн курулгандыгын айтты.

Мындан сырткары, Назарбаевдин Шанхай кызматташтык уюмунун динамикалуу өнүгүүсүн камсыз кылып жатканын жана дүйнө жүзүндө туруктуулукту сактоого кошкон салымын кошумчалады.

Эске салсак, Кытайдын Пекин шаарында «Бир алкак – бир жол» II эл аралык форуму 25-27-апрель аралыгында өтүп, ага 37 өлкөнүн лидери катышты. Нурсултан Назарбаев форумда өзүнүн «Үч Д» геосаясий долбоорун сунуштады.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM