Биз менен байланышыңыз

Нурсултан Назарбаев Жеки Чан менен жолугушту

Кыска кабар | 28 Апр 2019 | 884 | 0

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев Пекин шаарында белгилүү актер Жеки Чан менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде Акорда маалымдады.

Жолугушууга ошондой эле, актердун тарапташтары жана чыгармачыл топтун өкүлдөрү да катышты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Нурсултан Назарбаев Жеки Чандын дүйнөлүк кинематографиядагы маанилүү ордун белгиледи.

«Мен ушундай атактуу адам менен жолугшуп жатканыма кубанычтамын. Сиз дүйнө жүзүнө белгилүүсүз», — деди Назарбаев.

Өз кезегинде кытайлык актер жакынкы мезилдеги чыгармачылык пландары боюнча айтып берип, кино тармагында эки тараптуу долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу өз оюн билдирди.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM