Биз менен байланышыңыз

Ош шаарында Кыргызстандагы 3-диализ борбору ачылды  

Кыска кабар | 26 Апр 2019 | 364 | 0

«Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында гемодиализ кызматтарын уюштуруу» мамлекеттик — жеке өнөктөштүк алкагында Ош шаарында жаңы гемодиализ борборунун ачылышы болду. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

 Бул мекеме Германиянын «Фрезениус Медикал Кэйр» компаниясы менен өнөктөштүктө ачылган.

Клиника 11 жаңы гемодиализ жабдуулары менен жабдылган. Гемоиализ борборунда 11 квалификациялуу кызматкер иштейт, анын ичинде дарыгерлер, медайымдар жана техникалык жумушчулар бар. Алардын баары кошумча окутуудан жана квалификацияны жогорулатуудан өткөн.

Белгилей кетсек, бул Кыргызстандагы үчүнчү гемодиализ борбору болуп саналат. Биринчи гемодиализдик клиника өз ишин 2018-жылдын октябрында Жалал-Абад шаарында баштаган. Февралда Бишкек шаарында экинчиси ачылган, ал ачылышы пландаштырылган төрт гемодиализ борборунун эң ириси. Ошондой эле Бишкек шаарында төртүнчү гемодиализдик клиниканын ачылышы күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM