Биз менен байланышыңыз

Чек арачылар Чоң-Капкадан кезектеги аткезчини кармады

Кыска кабар | 26 Апр 2019 | 533 | 0

«Чоң-Капка — Автожол» көзөмөл-өткөрмө бекетинде мыйзамсыз ташылып бараткан 28 тонна күйүүчү май колго түштү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен иштөө бөлүмү  кабарлады.

Кечээ Казакстан тараптан келген «DAF-95 XF 430» жүк ташуучу унаа текшерүүгө алынган. Андагы жүктү коштогон документте «Бензанол» деп белгиленгени менен иш жүзүндө 28 тонна бензин болуп чыккан.

Жүктү чек арадан мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылганы үчүн 1976-жылы туулган Э. Ш. аттуу Кыргызстандын жараны кармалган. Ал ташып бараткан жүгү менен кошо Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына өткөрүлүп берилген.

Белгилеп кетүүчү жагдай, 5-апрелден 26-апрелге чейин аталган бекеттин чек арачылары мыйзамсыз ташылган 200 тоннадан ашык күйүүчү майды колго түшүрүшкөн.

Copyright © 2017 Maral FM