Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Кыргызстан өнөктөш Кытайдын ийгилигине тилектеш

Кыска кабар | 26 Апр 2019 | 533 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Кытай коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин мүчөсү Ван Хунин менен жолугушту.

Кытайдагы иш сапарынын алкагында президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Пекинде Кытай коммунисттик партиясынын саясий бюросунун Туруктуу комитетинин мүчөсү Ван Хунин менен жолугушту.

Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлады.

Жолугушууда Ван Хунин Жээнбековдун кыргыз-кытай кызматташтыгын бекемдөөдөгү ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк аракетин Кытай бийлиги жогору баалаарын айтты.

«Сиз Кытайдын төрагасы менен бирге биздин кызматташтыкты ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине алып чыктыңыздар. Мында Сиздин эмгегиңиз зор. Биз аны жогору баалайбыз», — деп белгиледи Кытай коммунисттик париясынын саясий бюросунун Туруктуу комитетинин мүчөсү Ван Хунин

Ал ошондой эле, Кыргызстан Кытайдын ШКУ алкагындагы жана «Бир алкак – бир жол» платформасы боюнча демилгесин колдогонуна ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Сооронбай Жээнбеков форумдун жогорку деңгээлде өтүп жатышы, Кытайдын дүйнөлүк аренадагы зор аброюнан кабар бергендигин белгиледи.

“Кытай өлкөсү быйыл өзүнүн түзүлгөнүнүн 70 жылдыгын белгилейт. Бул мезгил аралыгында өлкө жетекчилиги, партия жана бүтүндөй кытай эли өзүнүн талыкпас эмгеги менен болуп көрбөгөндөй жетишкендиктерди багындырды. Бүгүнкү күндө КЭР эл аралык стабилдүүлүктү камсыз кылууга зор салым кошуп жатат. Кыргызстан өнөктөш Кытайдын ийгилигине тилектеш”, — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Өлкө башчысы ошондой эле, Кыргызстан быйыл Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин мамлекеттик сапары менен келишин күтүп жатканын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM