Биз менен байланышыңыз

Путин: Евразия көптөгөн эл аралык көйгөйдү чечүүдө үлгү боло алат

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Апр 2019 | 644 | 0

Бүгүн, 26-апрелде, Пекин шаарында «Бир алкак-бир жол» эл аралык кызматташтык форуму өтүүдө. Жыйынга Орусиянын, Өзбекстандын, Кыргызстандын президенттери, Кытайдын төрагасы, Италиянын, Пакистандын премьер-министрлери, Германия менен Франциянын министрлери, жалпы 37 өлкөнүн өкүлдөрү катышууда. Алар дүйнөдөгү жолдордун курулушун жана деңиз соода жолдорун өнүктүрүүнү талкуулоодо.

Форумда сөзгө чыккан Орусия президенти Владимир Путин бул кызматташтыкта Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) маанилүү экенин айтып өттү. Ал өз сөзүндө:
«Евразия көптөгөн эл аралык көйгөйдү чечүүдө үлгү боло алат. Миңдеген жылдардан бери Евразия аймагында ар түрдүү маданияттагы, ар башка диндеги улуттар жашап келишет. Албетте, келишпестиктер, согуштар болгон. Бирок, ал убактар бизге сабак болуп, учурда евразиялыктар суверендүүлүк үчүн күрөшүп, ар бир өлкөнүн укук жана закондорун сыйлоого кызыкдар. Дал ушул максатта Армения, Белоруссия, Казакстан жана Кыргызстан өлкөлөрү менен шериктешип, Евразия экономикалык биримдигин түзүп келебиз»-деп айтып, эл аралык ынтымактын чоң кызматташтыкта маанилүү экенин белгиледи.

«Бир алкак-бир жол» концепциясы Кытайдын демилгеси болгон. Ал Борбордук Азия, Европа жана Африка өлкөлөрүн бириктирген жаңы соода-жолдорун түзүүгө багытталган.

Copyright © 2017 Maral FM