Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда эмдөө жумалыгы башталды

Ден соолук | 25 Апр 2019 | 920 | 0

24-апрелден тартып Европалык эмдөө жумалыгы башталды. Жумалыктын алкагында жер-жерлерде атайын мобилдик эмдөө пункттары ачылат. Адистердин айтымында, мындай жумалыктардын алкагында жыл сайын 40 миңдей адам эмдөөдөн өтөт. Бирок ошол эле учурда эмдөөдөн баш тарткандардын да саны азая элек.

1993-жылдан бери Кыргызстанда шал оорусу каттала элек. Адистердин айтымында, бул өлкөдөгү эмдөөнүн өз убагында болуп жаткандыгына байланыштуу. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

— Кыргызстанда пландуу эмдөөнүн натыйжасында вакциналарга көз каранды сарыктын В түрү, кептөөр, сенек, ымыркайлар арасындагы кургак учуктуу менингит оорусу каттала элек. Өзгөчө 1993-жылдан бери шал оорусу токтоду. Мындан улам, жогоруда аты аталган оорулардын кесепетин биздин коом унутуп бара жатат. Эмдөө жүрүп турбаса, бул оорулардын кайра пайда болуу коркунучу да бар.

Ошондуктан, бул жылы дагы 24-30-апрелге чейин өлкө аймагы боюнча Европалык эмдөө жумалыгы өтөт. Анын алкагында жер-жерлерде мобилдик эмдөө пунктары уюштурулат. Ал үчүн бюджеттен да, донорлордон да вакцина үчүн каражат бөлүнгөн. Бирок ага карабай, эмдөөдөн баш тарткандардын да саны азайбай келет. Республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысованын айтымында, өткөн жылы 6500 адам эмдөөдөн баш тарткан.

— 2012-жылдан бери эмдөөдөн баш тарткандар катталып жатат. 2016-2017-жылдары кескин көбөйгөн. Бирок, өткөн жылдын статистикасын ала турган болсок, жылдагыдан 1000 кишиге азайып, 6500 адамды түзгөн. Бул кыскартуулар ар тараптуу маалыматтык түшүндүрүүлөрдүн натыйжасы десек болот. Маселен, баш тарткандардын 68 %ы диний көз карашына байланыштуу болсо, 20 %га жакыны интернеттеги ар кандай маалыматтардан улам кооптуу деп ойлошкондор болууда.

Эмдөөдөн баш тарткандардын көпчүлүгү вакцинанын курамынан күмөн санашарын айтышкан. Бирок, мындай ойлорду адистер четке кагышат. «Юнисеф» балдар уюмунун берген маалыматы боюнча вакциналар эл аралык деңгээлде текшерүүдөн өтүп келет. Ал эми эмдөө алгандын натыйжасында ымыркайлар арасында майыптуулуктун саны азайганын статистика көрсөткөн. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өлкөдөгү кеңсесинин жетекчиси Назира Артыкова эмдөөнүн натыйжасында буга чейин бир катар ооруларды түп-тамыры менен жок кылууга мүмкүн болгонун белгиледи.

— XX кылымда эмдөөнүн натыйжасында оспа сыяктуу ооруну жок кылууга мүмкүн болгон. Эмдөө — бул, ооруну алдын алуудагы эң эффективдүү жол. Бул ыкма миллиондогон баланын өмүрүн сактап калууга шарт түзөт. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун баасы боюнча, эмдөө жыл сайын 3 млн. баланын өмүрүн коргоп, майып болуп калуудан сактап келет.

Маалыматка ылайык, жыл сайын пландуу эмдөөнүн алкагында бюджеттен 83 млн. сом бөлүнөт.

Copyright © 2017 Maral FM