Биз менен байланышыңыз

Айыл чарба техникаларын лизингге берүүгө 102,5 млн. сом бөлүндү

Кыска кабар | 25 Апр 2019 | 450 | 0
Кыргыз Өкмөтү 10- апрелде жаңы лизинг долбоорун кабыл алып, 102,5 млн. сом бөлдү. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Долбоор боюнча комбайндар 10 жылдык мөөнөткө 6 % үстөгү менен лизингке берилет.

Үстүбүздөгү жылдын 19-мартына карата айылдарга 133,5 млн. сомдук 89 даана ар кандай үлгүдөгү айыл чарба техникалары лизингке берилди. Ушул эле мезгил аралыгында аймактарда 8 машина-трактордук станция уюшулган, анын ичинен экөө муниципиалдык.

2016-жылдан бери бардыгы болуп 79 машина-трактордук станция уюшулган. Алардын карамагында 900гө жакын ар кандай үлгүдөгү айыл чарба техникасы бар.

Азыркы учурда министрлик тарабынан жалпы өлкөнүн айыл чарбасын айыл чарба техникалары менен камсыз кылуу демилгеленип, Айыл Банк аркылуу 5 долбоор иштеп жатат.

Бул долбоорлор боюнча акыркы 4-5 жылда эле дыйкандарга 3 млрд. 412 млн. сомго 2688 айыл чарба техникасы жеңилдетилген шарттарда лизингке берилди. Дыйкандарга техникалар 7-10 жылдык мөөнөткө 6-9%  жылдык үстөк пайызы менен берилип жатат. Дыйкандын өздүк салымы 10 %дан 30 %га чейин түзөт.

Дыйкандар жеңилдик катары айыл чарба техникасын сатып алууда бардык салыктардан жана бажылык төлөмдөрдөн бошотулган. Натыйжада лизингдик долбоорлордон тышкары, дыйкандарыбыз жылына 1200гө чейин айыл чарба техникаларын өз каражаттарына  сатып алып жатышат.

Copyright © 2017 Maral FM