Биз менен байланышыңыз

Кайсы өлкө алтынга бай?

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Апр 2019 | 604 | 0

2018-жылы улуттук банктардын алтын сатып алуусу акыркы 50 жыл ичинде эң жогорку деңгээлге жеткен. Бул тенденция быйыл да уланууда.

Эл аралык валюта фонду жана Алтын боюнча Дүйнөлүк кеңеши алдыңкы 10 өлкөнүн алтын кору тууралуу тизмесин жарыялады.

  1. Индия

Расмий алтындын кору: 608,7 тонна;

Курамындагы алтындын үлүшү: 6.4 %;

Дүйнөлүк экономиканын өсүү темпи төмөндөп жаткандыктан, ишкерлер өз алтын-валюта запастарын иштеп чыгууга аракет кылышууда.

Индияда алтын-валюта кору өткөн жылдын август айынан бери тездик менен өсүп жатат.

  1. Нидерландия

Расмий алтындын кору: 612,5 тонна;

Курамындагы алтындын үлүшү: 65,9 %;

Нидерландия акыркы жылдары бардык алтындарын өз өлкөсүнө топтоого аракет кылууда.

  1. Япония

Расмий алтындын кору: 765,2 тонна;

Курамындагы алтындын үлүшү: 2,5 %;

Япониянын дүйнөлүк алтын фондундагы үлүшү 15 жылдын ичинде 5,2 %га өскөн.

  1. Швейцария

Расмий алтындын кору: 1 040 тонна;

Курамындагы алтындын үлүшү: 5,5 %;

8,4 млн. калкы бар Швейцария башка өлкөлөр менен салыштырмалуу калктын санынан алтындын көлөмү көп өлкө катары саналат.

  1. Кытай

Расмий алтындын кору: 1 874,3 тонна;

Курамындагы алтындын үлүшү: 2,5 %;

Экономиканын түшүп кетүүсүнөн сактанган Кытайдын Улуттук банкы дайыма алтын эсебин өстүрүүгө аракет кылып келет.

  1. Россия

Расмий алтындын кору: 2 150,5 тонна;

Курамындагы алтындын үлүшү: 19,1 %;

Орусия жыл сайын алтын запасын өстүрүүгө аракет кылып келет. Bloomberg аналитикалык сайтынын эсептөөсүнө ылайык, акыркы 10 жылдын ичинде 4 эсеге жогорулаган.

  1. Франция

Расмий алтындын кору: 2 436 тонна;

Курамындагы алтындын үлүшү: 61,1 %

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын билдирүүсүнө ылайык, Франция банкы өткөн жылдан баштап запаста сакталган алтындын сапатына карап иштеп баштаган.

Мындай кадамдын эл аралык соодага жардамы жакшы тийет.

  1. Индия

Расмий алтындын кору: 2 451,8 тонна;

Курамындагы алтындын үлүшү: 66,9 %;

  1. Германия

Расмий алтындын кору: 3 369,7 тонна;

Курамындагы алтындын үлүшү: 70,6 %;

2017-жылы Германия баасы бир канча миллиард долларды түзгөң алтын топтогон.

Европанын улуттук банктары мындай кадамды коомдун ишенимин өстүрүүгө болгон аракет менен байланыштырган.

Буга чейин Германиянын алтын запасы Париж менен Нью-Йоркто сакталып келген.

  1. АКШ

Расмий алтындын кору: 8 133,5 тонна;

Курамындагы алтындын үлүшү: 74,9 %

АКШнын алтын запасы башка өлкөлөргө салыштырмалуу кыйла көп (алдыңкы өлкөлөргө караганда эки эседен да көп).

Ал эми Кыргызстандын алтын-валюта запасы жылдан-жылга азайып баратканы айтылат.

 

Copyright © 2017 Maral FM