Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга мыйзамсыз кирген Кытайдын жараны кармалды

Кыска кабар | 24 Апр 2019 | 436 | 0

Бүгүн, 24-апрелде «Манас» аэропортунун көзөмөл өткөрүү пунктунда Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз кирген Кытайдын жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматы кабарлады.

Кытайдын 1975-жылы туулган Д. В. Ч. аттуу жараны Стамбул-Бишкек рейси менен келген, бирок анын Кыргызстанга кирүү визасы жок болгондуктан, чек арадан өтүү өтүнүчүнө уруксат берилген эмес.

Тиешелүү иш-чараларды өткөргөндөн кийин, кармалган жаран Кытайга жиберилди.

Copyright © 2017 Maral FM