Биз менен байланышыңыз

Футзал Суперлига: Финалдык беттештер сериясы 28-апрелде башталат

Кыска кабар , Спорт | 24 Апр 2019 | 444 | 0

Кыргызстандын футзал боюнча Суперлигасынын финалдык беттештер сериясынын өтө турган убактысы аныкталды.

Бул тууралуу өлкөнүн футбол федерациясынын расмий сайтына жарыяланды.

Суперлиганын 2019-жылдагы чемпионун аныктоочу финалдык сериялар үч жеңишке чейин созулат. Суперлиганын финалына быйыл Оштун «EREM» жана Бишкектин «Алга-Дордой» командалары чыккан.

Алгачкы беттештер 28-29-апрелде Ош шаарындагы «Шавкат» спорт комплексинде өтөт. Оюн саат 16:00дө башталат.

Эске сала кетсек, өткөн жылы да дал ушул «EREM» жана «Алга-Дордой» командалары финалга чыгышып, Данияр Абдыраимов башында турган «EREM» командасы бишкектиктерди 3:2 эсебинде утуп алган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM