Биз менен байланышыңыз

Ыксыз семирүү мээнин иштешин начарлатат

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Апр 2019 | 611 | 0

Ашыкча салмактагы адамдарда мээнин иштеши начарлайт. Себеби, семирүү мээ менен кан айлануу системасынын ортосундагы байланышты алсыратып, кыймылга тоскоолдук жаратат. Муну АКШдагы Огаст университетинин окумуштуулары жасалган изилдөөлөрдүн жыйынтыгында тастыкташкан.

Алардын айтымында, ашыкча салмактуулуктан жабыр тарткандардын акылы, эс тутуму начарлаган. Ашыкча салмак мээнин эрте картаюусун тездетет. Буга чейин адистер мунун себебин таппай келишкен. Америкалык нейрофизиологдор бул ирет башка суроого жооп издеп жаткан учурда, кокусунан байкап калышкан. Андан соң, атайын тажрыйба жасашып, так чечимге келишкен.

Дүйнөлүк статистика боюнча, улуу адамдардан ар бир экинчи, жаш балдардан ар бир алтынчы бала ашыкча салмактан жабыркайт. Өлкөлөр боюнча алганда, ашыкча салмактуулуктун сап башында Америка турат. Ал эми, семиз адамдары азыраак өлкө — Япония жана Түштүк Корея.

Copyright © 2017 Maral FM