Биз менен байланышыңыз

Президент Чүй менен Бишкектеги окуучусу көп мектептердин абалын көрдү

Кыска кабар | 23 Апр 2019 | 922 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, Чүй облусунун Сокулук районундагы Орок орто мектебине, ошондой эле Бишкек шаарындагы № 59-мектепке барды.

Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы кабарлады.

Бул эки мектепте тең учурда долбоордук планда белгиленгенден 3-4 эсе көп окуучу билим алат. Мамлекет башчысы мектептердин имараттарын, класстарды, жаңы окуу корпустарын куруу үчүн бөлүнгөн жерлерди көрүп чыкты, алардын долбоору менен таанышты.

Өлкө башчысы мугалимдер менен маектешип, Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы мектептерде окуучулардын саны өтө көп болушу ички миграциянын таасири экенин айтты. Мындан улам, кошумча окуу корпустарын куруу боюнча долбоорлорду тезирээк ишке ашыруунун зарылдыгын баса белгиледи.

Орок айылындагы мектептин директору Айгуль Исакова 320 окуучуга ылайыкталган мектептин имараты 1984-жылы курулганын, азыр анда 1910 окуучу окуп жатканын маалымдады. Ар бир класста 40тан ашык окуучу окуйт. Окуу класстары жетишпегендиктен, мугалимдер имараттын жертөлөсүнө сабак өтүүгө аргасыз.

Бул мектепте Орок айылынын эле балдары тургай, «Ак-Ордо», «Арча-Бешик», «Ак-Өргө», «Салкын төр», «Сары Ѳзɵн» жана башка жаңы конуштардан жана жанаша жайгашкан айылдардан да балдар келип билим алышат.

№ 59-мектептин директору Маргарита Ситникованын айтымында, мектеп 1962-жылы курулган. Долбоордук план боюнча мектеп 400 орунга эсептелсе, азыр анда 1112 бала билим алат.

Copyright © 2017 Maral FM