Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Банкоматтарды талкалап акча уурдаган кылмыштуу топ кармалды

Кыска кабар | 23 Апр 2019 | 571 | 0

Кыргызстандын ар кайсы аймагынан бириккен уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалган кылмыштардын бети ачылды. Бул тууралуу Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

9-февралдан 10-февралга караган түнү белгисиз атуулдар Араван районунун С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Ленин көчөсүндө жайгашкан «Кыргызстан» банкынын банкоматын күч колдонуу жолу менен талкалап, ичиндеги 904 миң 300 сом акчаны уурдап, окуя болгон жерден из жашырып кетишкен.

Ушундай эле окуя 2-марттан 3–мартка караган түнү Ош шаарынын А.Навои көчөсүндө жайгашкан «Кыргызстан» банкында болгон. Андагы банкоматтан 1 млн. 500 миң сом тонолгон. Бул сыяктуу кылмыштар Нарын, Талас, Ысык-Көл облустарында да катталган.

Аталган кылмышка Ош шаарынын 1989-жылы туулган тургуну К. А. Жаза процессуалдык кодексинин  98-беренесинин негизинде шектүү катары кармалган. Шектүүнүн «MITSUBISHI SPACE STAR» үлгүсүндөгү автоунаасын соттун токтомунун негизинде тинтүү жүргүзгөн учурда 990 миң сом табылып, акча далил буюм катары алынган. Мындан улам 15-апрелде Араван райондук соту тарабынан камакка алынган.

Ошондой эле, 21-апрелде Чүй облусунун 1985-жылы туулган тургуну А. К. аттуу жаран шектүү катары кармалып, ушул эле Кодекстин 98-беренесинин негизинде Араван райондук Ички иштер бөлүмүнүн  убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Шектүүнүн үйүн тинтүү учурунда темир кесүүчү аспаптар, 2 даана ноутбук, ок атуучу курал, кылмыш жасаган учурда кийген кийим жана башка буюмдар алынган.

Учурда кылмышка катышы бар башка шериктери да аныкталып, алардын жүргөн жерин тактоо максатында ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM