Биз менен байланышыңыз

«Комиссия элдин кызыкчылыгын өйдө коёт деп ойлойм»

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Апр 2019 | 749 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев «Марал» радиосуна берген маегинде Кызыл-Омпол кениндеги чалгындоо иштерине байланыштуу ведомстволор аралык комиссиянын деңгээли бийик экенин билдирди.

Эл өкүлү өкмөттүк комиссия ачык-айкын иш алып барып, акыйкат чечим чыгарарына ишеним артат.

«Анткени, комиссиянын мүчөлөрү мекенчил адамдар. Алар элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгын жогору коёт деп ойлойм. Учурда кенде чалгындоо иштери жүрүп жатат. Буга лицензия кандай негизде берилгенин да көтөрүп чыгуу зарыл», — дейт Карашев.

Анын пикиринде, өкмөт кен казуу же чалгындоо иштерин жүргүзүү боюнча кайсы бир компанияга лицензия берүүдөн мурда иликтеп чыгышы зарыл. Тагыраагы, лицензиялар соситемалуу түрдө иштей турган ишканаларга берилиши кажет.

Белгилей кетсек, буга чейин Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов «Маралга» берген маегинде уран кенинин тагдыры комиссиянын чечиминен көз каранды экенин билдирген.

«Уран кенинин тагдыры комиссиянын чечиминен көз каранды»

Copyright © 2017 Maral FM