Биз менен байланышыңыз

Жогорку Сот Жапаров менен Текебаевдин ишин карайт

Кыска кабар | 23 Апр 2019 | 642 | 0

Бүгүн Жогорку сотто «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана «Мекенчил» партиясынын лидери Садыр Жапаровдун иши каралат.

Ушу тапта соттун имаратынын жанына абактагы саясатчылардын тарапташтары чогулуп жатышат.

Алар — «Ата-Мекен» саясий партиясы өзүнүн лидери Өмүрбек Текебаевдин бошотулушун талап кылган митинг өткөрөт. Акция өткөрүшүнө расмий уруксат берилгени, аталган партиянын мүчөлөрү менен биргеликте Садыр Жапаровдун тарапташтары да чыгышары буга чейин айтылган.

Соттук коллегия жаңы кодекстин негизинде Жапаров менен Текебаевге козголгон кылмыш ишин кайра карап чыгышы керек.

Садыр Жапаровго 4 берене: адам өлтүрүү үчүн барымталоо уюштуруу, бийликке каршы митинг уюштуруу, ээнбаштык жана Эмилбек Каптагаевди барымтага алуу боюнча айып тагылган.

Райондук сот Садыр Жапаровду 11 жыл 6 айга эркинен ажыраткан.

Ал эми Өмүрбек Текебаев коррупция беренеси менен соттолуп, 8 жылга эркинен ажыратылган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM