Биз менен байланышыңыз

«Абдыкалык Рустамов кызматтан алынышы керек»

Коом | 22 Апр 2019 | 951 | 0

Коопсуздук кеңеши Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жетекчилигин кызматтан алуу сунушун берди. Буга аталган түзүмдүн ичиндеги коррупциялык тобокелдиктерди алдын алуу боюнча иш-аракеттердин жүргүзүлбөгөндүгү себеп болгон.

Сунушта аталган мекеме ушул күнгө чейин санариптештирүүгө багытталган бир да иш-чара өткөрбөгөнү коррупциялык схемалардын ишке ашуусуна өбөлгө түзөрү белгиленген. Буга далил катары 2018-жылы агенттиктин штатка кирбеген кызматкери жети жолу чет өлкөгө чыгып, ар кандай эл аралык иш-чараларга, форумдарга, семинарларга катышканы мисал келтирилген. Ошондой эле, агенттиктин жетекчисинин айдоочусу өзүнүн кесиптик милдетинен сырткары, былтыр Женева шаарына иш сапарга барганы, бирок ТИМге бул боюнча маалымат бербегени айтылат.

Бирок, Коопсуздук кеңешинин бул айыптоосуна аталган түзүмдүн жетекчиси Абдыкалык Рустамов макул эмес.

— Кемчилик бар, бирок көп эмес. Биз мыйзам чегинде эле иш алып баруудабыз. «Эмне үчүн алар мындай чечимге барды?» — деп, айтылган маселе боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп жатам. Себеби, ага негиз жок болчу. Кийинчерээк толуктап маалымат берем.

Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев элге жана экологияга жалаң зыян алып келип жаткан агенттикти сөзсүз жазалоо керектигин айтат.

— Бул агенттик көрүнүктүү иш аткарбаса, эл каршы болуп жатса, элдин ден соолугуна каршы иштеп жатса… Мен дайыма айтып келем, мындайларга бир эле чара бар: атып ташташ керек. Антпесе, биздики оюнчук болуп жатпайбы. Бүгүн макул, эртең жок, кийин кайра макул деп коё берет. Баарына демократиялык мамиле кылып жатабыз. 

Ал эми, эколог Динара Кутманова аталган агенттик түзүлгөндөн бери эле коррупциялык схемалардан башы чыкпай, ага каршы иш  жүргүзө албай келгенин айтат.

— Бул мекеме башынан эле токойду ижарага бермей иштерине, мергенчиликтеги мыйзам бузууларга өздөрү аралашып келатат. Бул түзүмдө коррупция бар, аны жоюу үчүн таза жетекчи дайындап, башкача иш жүргүзүлсө болмок. Тилекке каршы, тамырлашкан коррупциялык схема толтура, жаңы барган жетекчини да ошого көндүрүшөт. Андыктан, ошол схеманы жоготуу чараларын жүргүзүү керек.

Депутат Алтынбек Жунус уулу бул тармакта лицензия берүү бизнеске айланганын, ага карата азыркы өкмөт чара көрө албай жатканын айтат.

— Биз да жыйынга катышып, лицензиялар оңго-солго таратылганына күбө болдук. Бир адам наамына 40тан ашуун лицензияны алып коюптур. Ал аларды иштетпей эле, бизнес кылып, кийин кайра сатат. Бул абдан өкүнүчтүү. Сынактар ачык өтүшү зарыл. Жетекчилерин андан ары чоңойтпой, жумуштан алуу керек. Тийиштүү реформа жок. Өкмөт башчы чечүчү маселеге президент кийлигишип жатканы, өкмөттүн шайы боштугуна, ишти жакшы алып баралбай жаткандыгына биз күбөбүз.

Кошумчалай кетсек,Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Абдыкалык Рустамов бул кызматка 2016-жылы 27-апрелде азыркы президент, Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчы болуп турган учурда келген. Рустамов акыркы жыл ичинде премьер-министрден 2 дисциплинардык эскертүү, 1 сөгүш жана 1 катуу сөгүш алган. Бирок ага карабай, кызматтык ордунда эң узак отурган өкмөт мүчөлөрүнүн бири.

Copyright © 2017 Maral FM