Биз менен байланышыңыз

Жунус уулу: Мектептерде акча чогултуу боюнча Өкмөт так позициясын билдириши керек

Кыска кабар | 23 Янв 2020 | 1082 | 0

Өткөн жылдын соңунда Билим берүү министрлиги мектептерде ата-энелерден акча чогултууга тыюу салуу боюнча бир топ алгылыктуу чараларды көрө баштаган болчу. Тилекке каршы, жаңы жылдан тарта ошол жаман өнөкөт кайра башталыптыр. Азыр ата-энелерден кайрылуулар түшүп жатат. Бул тууралуу депутат Алтынбек Жунус уулу Жогорку Кеңеш жыйынында билдирди.

Ушу тапта мектептердин жетекчилери окуу жайдын абалы абдан начар деген шылтоо менен, ата-энелерди кыйнап акча чогултуп жатыптыр. Ушинтип арабөк жүрө беребизби? Өкмөт мектептерде акча чогултуу өнөкөтү боюнча өзүнүн так позициясын билдириши керек. Ансыз бул маселенин бир жаңсыл чечилиши кыйын болуп калды, — деп кошумчалады депутат.

Эске салсак, Билим берүү жана илим министри Каныбек  Исаков жаңы окуу жылынан тарта мектептерде, бала бакчаларда ата-энелерден акча чогултуу токтой турганын убадалап, буйрук да чыгарган.

 

Copyright © 2017 Maral FM