Биз менен байланышыңыз

Болочок түгөйлөр Бишкекке көчөт отургузуп, 30 балага белек беришти

Кыска кабар | 22 Апр 2019 | 555 | 0

Бүгүн, 22-апрелде Чүй облусунун Күн-Туу айылынын тургуну Назарбек уулу Залкар жана Замирбекова Айжамал Бишкек шаарынын Абдрахманов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишине 30 ак кайың көчөтүн отургузушту. Ошондой эле, Бишкек шаарындагы начар шартта жашаган 30 балага кийим-кечек белек кылышты. Үйлөнүп, түтүн булатуу алдында турган болочок түгөйлөр никелешүүнү соопчулук иш менен баштоону максат кылгандарын айтышты.

Демилгеге Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков да катышып, каалоо-тилегин билдирди.

Болочок жубайлар аш-тойлордогу ашыкча ысырапты токтотуп, каражатты ыктуу пайдалансак дешет.

Зарылбек уулу Залкар жарандык активисттердин катарына кирет. Жети дубандан топтолгон Залкар сыяктуу демилгелүү жаштар буга чейин да бир катар иштерди алып барып, кайрымдуулук иштерин жүргүзүп келишкен.

Жаштардын үйлөнүү тою 28 апрель күнү Бишкек шаарындагы тойканалардын биринде болот. Той улуттук колоритте өтөрү болжолдонуп жатат.

Алар жаңы отургузулган көчөттөр шаарга көрк берип, жашыл шаарга айланарын тилешет.

Copyright © 2017 Maral FM