Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын калкынын 34 %ы шаарда, 66 %ы элетте жашайт

Кыска кабар | 21 Апр 2019 | 520 | 0

Кыргызстандын калкынын саны ушул жылдын башына карата алынган маалымат боюнча 6 млн. 389 адамды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Туруктуу калктын 34 %ы шаарда, 66 %ы элетте жашайт.

Маалыматка ылайык, калктын 34 %ын балдар жана өспүрүмдөр, 58 %га жакынын эмгекке жарамдуу курактагылар жана 8 %га жакынын пенсия курагындагылар түзөт.

Өлкөдө 100дөн ашык улуттун өкүлү жашайт, алардын ичинен кыргыздар — 4 млн. 696 миң, өзбектер — 941 миң жана орустар — 349 миң адамды түздү.

 

Copyright © 2017 Maral FM