Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Казакстан жана Өзбекстандын президенттерине көңүл айтты

Кыска кабар | 21 Апр 2019 | 407 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевге жана Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевге Казакстандын Жамбыл облусунун Алматы-Ташкент автожолунда болгон жол кырсыктын кесепетинен адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

«Адам курмандыктарына алып келген Казакстандын Алматы-Ташкент автожолунда болгон кырсык тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көӊүл айтам жана орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөм. Бардык жабыр тарткандарга жана жаракат алгандарга тез сакайып кетүүсүн каалайм», — деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Эске салсак, 20-апрель күнү таңкы саат 5.00дө Жамбыл облусунун Кордай районунда Алматы-Ташкент унаа жолунда бара жаткан автобус кырсыкка учурап, 11 киши каза болуп, 29 жүргүнчү ар кандай жаракаттарды алган.

Copyright © 2017 Maral FM