Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Оштун «Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору“ катары жарыяланышы мыйзам ченемдүү көрүнүш

Кыска кабар | 21 Апр 2019 | 455 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 20-апрелде, «Ош — түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» салтанатынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө ТҮРКСОЙ Эл аралык уюмунун бул чечиминин маданий жана саясий  чоң мааниси бар экендигине токтолуп, салтанатка ЮНЕСКО, ИСЕСКО жана башка абройлуу эл аралык уюмдардын жетекчилери жана өкүлдөрүнүн катышып жатканы боордош улуттардын зор колдоосу экендигин баса белгиледи.

«Ордолуу Ош — Борбордук Азиядагы үч миң жылдан ашкан тарыхы, маданияты жана өтө бай салттары бар эң байыркы шаар жана Улуу Жибек жолунун чордонунда жайгашкан. Ал чөлкөмдө гана эмес, дүйнөдөгү ири соода, социалдык-экономикалык жана маданий борборго айланган. Ар түрдүү маданияттардын үлгүлөрүн өзүнө сиңирип, башка чөлкөмдөргө таркаткан. Ош — Сулайман пайгамбар из калтырган ыйык жер», – деди мамлекет башчы.

Ошондой эле, Сооронбай Жээнбеков Оштун тарыхына токтолуп, нечен даанышман ойчул-окумуштуулар, ислам аалымдары жана чыгаан акындар жашап өткөнүн белгиледи.

«Сулайман Тоо 2009-жылы ЮНЕСКО тарабынан Бүткүл Дүйнөлүк адамзаттык мурас катары таанылды. Дүйнөдө «Ыйык Тоо» деп аталган үч тоо болсо, анын бири — Сулайман-Тоо. Сулайман-Тоо — Кыргызстан эли гана эмес, дүйнө элдеринин ыйык маданий мурасы жана сыймыгы. Мына ушулардын баарын эске алганда, ордолуу Оштун ТҮРКСОЙ тарабынан «Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору“ катары жарыяланышы мыйзам ченемдүү көрүнүш», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Сөзүнүн аягында мамлекет башчы, маданияттын башкы миссиясы — адамдагы адамдыкты, руханий баалуулуктарды, гуманизм идеяларын, тынчтык менен биримдикти, маданий көп түрдүүлүктү жана толеранттуулукту сактап калуу экендигин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM