Акыркы 10 жылда чет өлкөгө жумуш издеп кеткен кыргызстандыктар кескин көбөйгөн. Расмий маалыматтарда чет жерде жүргөн эмгек мигранттары 800 миң делинсе, бейрасмий маалыматтарда алардын саны андан эки эсе көп экени айтылат.
Түп районунун 20 жаштагы тургуну Жыргал Асанов К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин электр тейлөө тармагы боюнча 3-курста окуйт. Ал быйылкы жазды жаӊы дем менен баштап, бир айдан соӊ, Германия мамлекетине аттанат.
— Германияда айлык жогору. Мен ал жакка окуумдун акысын табуу үчүн барып иштөөнү чечтим. Түзүлгөн келишимге ылайык, 1-июндан 1-сентябрга чейин ресторанда, ашканада бармендик кызматта иштейбиз.
Жыргал сыяктуу эле чет өлкөдөгү мезгилдик жумуштардан иштеп, жакшы акча таап келем деген облус жаштары документтерин камдап жаткан учуру. Студенттер үчүн мамлекеттик окуу жайлар келишим шарт түзүп берсе, жөнөкөй жарандар жумуш таап бере турган ортомчу компаниялар менен макулдашып коюшкан.
— Мен өзүм 3-курста билим алам. Европага жайкы мөөнөттө гана келишимдин негизинде иштегени жөнөп жатам. Эгер чет тилин жакшы өздөштүрүп кетсем, ЫМУ аркылуу билимимди ошол жактан улантууга аракет кылам.
— Мен өткөн жылы алгачкы жолу Чехия мамлекетине баргам. Бул жактан англис тилин жакшы үйрөнүп алганым үчүн кыйналган жокмун. Ошол эле учурда бир күнгө Берлинге барып, саякат жасагам. Ал жер иштегенге өтө ыӊгайлуу экен, андыктан быйылкы сапарым Германияда уланат.
— Мен буга чейин көп эле жолу чет мамлекетке чыгып, мезгилдик жумуштан иштеп келгем. Бул жолу Түркия мамлекетине экинчи ирет барып, мейманканадагы туристтерди тейлөө бөлүмүндө иштемей болдум. Айлыгым болжолдуу түрдө 500 доллардын тегерегинде болот.
Ал эми ортомчу компаниялар жарандарды жумушка орноштурганы үчүн 210 евродон 500 долларга чейин акы алышат. Алардын ичинен атын атагысы келбеген жумуш агенттиги азыр Түркияга болгон келишим толуп, Болгарияга орундар бар экенин ырастады.
— Азыр Түркияга жумушчу топ толуп калганына байланыштуу, Болгария мамлекетине келишимдерди кабыл алып жатабыз. Жалпысынан 3 айга барып акча таап келүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Биз талап кылчу нерсе: сыртка чыгуу үчүн паспорт, соттолгон эмес деген маалымдама керектелет. Виза жана авиабилетке Болгария үчүн 210 евро алынат. Студенттер үчүн ыӊгайлуу болчу. Бирок, жумуш издеп келген жарандарды кабыл алууга да туура келүүдө.
Ал ортодо «макул эмесмин, эч кандай келишими жок эле Орусия, Казакстанга барып маяна табабыз» дегендер да четтен чыкты. Анткени келишим түзүп иштөөнүн да кыйынчылыгы бар экенин мурда мигрант болгон Алтынбек Жапаров белгиледи.
—Менимче, Россияга келишим түзүп барган адам көп кыйналат. Анткени, ал жакта 15 -20 миӊ рубль акы төлөнсө деле, байланып иштеп жүрө беришке туура келет. Ошондуктан, эч кандай компания менен макулдашпай, өзүбүздүн чечимибиз менен барып акча таап келебиз. Ал эми башка мамлекеттерден Германиянын жумушу, айлыгы кызыктырат. Бирок, документ даярдоо бир топ түйшүктү талап кылат.
Кандай болгон күндө дагы эммигранттар чет өлкөгө кетерден мурда юридикалык кеӊеш алып, келишимдерди тактап алуу зарыл дешет адистер. Себеби, бул учурга чейин эмгек келишими жок эле жөнөп кеткендер бир катар кыйынчылыктарды тартып, кара тизмеге да киришкен. Бул тууралуу Караколдогу миграция боюнча маалымат берүүчү борбордун юристи Айнакан Намазова билдирип, төмөнкү маалыматтарга токтолду.
—Биз өткөн жылдан бери 390 адамга ар кандай кеп-кеӊеш бердик. Анын ичинде эммигранттар үчүн келишимдин жолдору, кара тизме маселеси да бар. Айрыкча акыркы айларда жаштар Түркия, Дубайга, Болгарияга барабыз деп жатышат. Жарандарыбыз күмөн санабаш үчүн ортомчу агенттиктердин атын, лицензиясын, чыры жокпу, тактап алуусу шарт. Алар мыйзамдуу болсо да, ортодон кызматка орноштуруу акысы 50 %дан кымбат турат. Аны мыйзамдуу алып жатабы, же жокпу деген маселе такталбай жатканы өкүнүч жаратат.