Биз менен байланышыңыз

Трамп расмий иш сапары менен Жапонияга барат

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Апр 2019 | 557 | 0

АКШнын президенти Дональд Трамп 25-28-май күндөрү расмий жолугушуу үчүн Жапонияга барат. Ал эми 26-27-апрель күндөрү жапон премьер-министри Синдзо Абэ иш сапары менен Америкада болмокчу. Бул тууралуу Ак үйдүн маалымат кызматынан билдиришкен.

Жолугушууда өлкө лидерлери Түндүк Кореянын денуклеаризациялоо боюнча кылган окуяларына байланыштуу талкуу жүргүзүлөрү айтылат. Андан сырткары, эки тараптуу соода-сатыкты өнүктүрүү жана инвестиция маселелери талкууланары күтүлүүдө.

Трамп Японияга иш сапары менен акыркы жолу 2017-жылдын ноябрь айында барган. Андагы расмий жолугушуу жылуу атмосфера менен коштолгону айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM