Биз менен байланышыңыз

Каттоо кызматынын төрайымы Алина Шаикова кызматынан бошотулду

Кыска кабар | 19 Апр 2019 | 803 | 0

Алина Шаикова Өкмөткө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы кызматынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Премьер-министрдин дагы бир буйругу менен Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы болуп Алмаз Мамбетов дайындалды.

Эске салсак, Алина Шаикова 2014-2015-жылдарда Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы болуп иштеп, 2016-жылы кызматтан алынган. Экинчи жолу аталган кызматка 2018-жылдын 14-февралында келген.

Кошумчалай кетсек, паспортторду сатып алуу боюнча өткөрүлгөн тендерден мамлекеттик бюджетке 253 млн. 377 миң сомдук зыян келтирилгендиги үчүн «Инфокомдун» башчысы Талант Абдуллаев, статс-катчысы Данияр Бакчиев жана Мамкаттоонун башчысынын орун басары Русланбек Сарыбаев камакка алынган.

 

Copyright © 2017 Maral FM