Биз менен байланышыңыз

Кеминде жол кыймылын көзөмөлдөгөн камераны атып салышты

Кыска кабар | 19 Апр 2019 | 1079 | 0

Чүйдүн Кемин районунда «Коопсуз шаар» долбоорунун видео көзөмөлдөөчү камерасын белгисиз бирөөлөр атып талкалап кетишти. Окуя 14-апрелде катталганын «Вега» радио куруу концерни маалымат каражаттарына бүгүн билдирди.

Камера текшерилип, пайдаланууга берилген. Бирок, ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын мониторинг борборуна маалыматтарды бере элек болчу.

Окуя кылмыштарды каттоонун бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши козголду.

Талкаланган жабдык баллистикалык экспертизага алынган. Учурда ок кайдан жана кайсыл куралдан атылганы аныкталууда.

Ордуна жаңы камера орнотулуп, иштеп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM