Connect with us

Парламентке шайлоо күрөөсүн азайтуу сунушталууда

Кыска кабар | 18 Апр 2019 | 559 | 0

2020-жылы боло турган Парламенттик шайлоодо саясий партиялардын шайлоо күрөөсүн төмөндөтүү демилгеси коюлду.

Мындай сунуш менен «Жаратман эл», «Асаба», «Улут ордо» сыяктуу бир катар партиялар айтып чыгышты. Демилгеленген мыйзам долбоору элдик демилге менен 10 миң кол топтоо аркылуу сунушталат.

Бул туурасында «Жаратман эл» партиясынын төрагасы Расул Тулеев маалымат жыйынында билдирди. Жаңы сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, күрөөнү 5 миллион сомдон 1 миллион сомго төмөндөтүү болуп саналат. Кол топтоо 12-апрелде башталган, учурда миңге жакындап калды. Демилгечи топ кол топтоону 20-майга чейин бүтүрүүнү пландаштырып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM