Биз менен байланышыңыз

Курулушу бүтпөгөн мектептер боюнча маселе Өкмөткө билдирилди

Кыска кабар | 18 Апр 2019 | 455 | 0

Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда Республиканын аймагындагы мектептер тууралуу маселелер Өкмөткө кулак кагыш кылынды.

Маселен «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан депутат Зиядин Жамалдинов Баткендин Кызыл-Кыя шаарынын БАМ кичи районундагы мектеп курулушу токтоп калгандыгы боюнча жергиликтүү тургундардын кайрылуусун Өкмөткө айтты.

Депутат муну менен катар борбор калаанын Токтогул — Н. Исанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги бала бакчанын имаратын 1-май райондук прокуратурасына берилишине нааразычылыгын билдирди.

КСДПчы депутат Марат Аманкулов Бишкек шаарындагы мектеп жетишсиздигин козгоду. «Бишкек шаарындагы мектептерде окуучулардын саны тиешелүү ченемден эки эсе көп. Жок дегенде республикалык бюджеттен жылына бир мектеп курууга каражат бөлүнүп турушу кажет», — дейт депутат.

Дагы бир КСДПчы депутат Дастан Бекешов бир нече мектептинн курулушу бүтпөй калганын айтып чыкты.

«Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылына мектептин курулушу бүтпөй жатса, Өкмөт убада кылган Түп районунун Тогуз-Булак айылына мектеп куруу иши аткарылбай турат. Убада берилгенде, курулуш мөөөнөтү да так айтылса», — деди эл өкүлү.

Copyright © 2017 Maral FM