Биз менен байланышыңыз

Онлайн түрүндө патент сатып алган салык төлөөчүлөр көбөйүүдө

Кыска кабар | 18 Апр 2019 | 407 | 0

Салык кызматынын жаңы кызматы иштеген мезгил ичинде (2018-жылдын октябрь айынан тартып, 2019-жылдын 10-апрелине чейин) 14 миң 945 салык төлөөчү салык кызматынын сайты аркылуу экономикалык ишин жүргүзүүгө электрондук патент сатып алышты.

Бул тууралуу салык кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

Эскерте кетсек, Мамлекеттик салык кызматы 2018-жылдын 1-октябрынан тартып республиканын бардык аймактарында ведомствонун сайты аркылуу электрондук түрдө патент бере баштаган.

Электрондук патентти МСКнын www.salyk.kg – «Салык төлөөчүнүн кабинети» электрондук кызматы жана eID-карта (2017-жылкы жаңы үлгүдөгү паспорт) аркылуу алууга болот.

Интернет аркылуу электрондук патент алуу салыктык башкаруунун жол-жобосун жөнөкөйлөтүп, салык төлөөчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт. Ошондой эле, салык төлөөчүлөр менен салыкчылардын ортосундагы түздөн-түз байланышты кыскартып, коррупциянын тобокелдигин төмөндөтөт.

Патентти кеңседен (кызмат көрсөтүү жана соода түйүндөрү) же үйдөн чыкпай туруп, өзүңүз каалаган учурда интернет аркылуу алууга мүмкүн болгондуктан, ар жолу салык органына баруунун кереги жок. Патент үчүн төлөмдү терминалдар, банкоматтар, автоматташтырылган өзүн-өзү тейлөө терминалдары жана башка банктык төлөм карталарын тейлөө жана кабыл алуу боюнча техникалык инфраструктураны түзгөн түзүлүштөр аркылуу төлөөгө болот.

Азыркы учурда бул шлюзга «Демир банк», «Кыргызкоммерц банк» жана «РСК Банк» кошулган. Аталган банктардын «Viza» жана «Master Card» карточкалары жана интернет-эквайринги аркылуу, анын ичинде «Элсом» мобилдик капчык аркылуу накталай эмес ыкма менен электрондук патент үчүн төлөм жүргүзүүгө болот.

Ошондой эле Оптима банк, РСК Банк, «Айыл банк», QUICKPAY, MEGACOM, ASISNUR, Terempay төлөм терминалдары аркылуу жана РСК Банктын жана «Айыл банктын» кассалары аркылуу накталай төлөмдөр каралган.

Электрондук патент үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча шлюзга башка коммерциялык банктарды жана төлөм терминалдарын кошуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM