Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көл: Мал көбөйгөнү жердин кунары качты

Коом | 17 Апр 2019 | 770 | 0

Ысык-Көлдө жыл санап малдын туягы өсүп баратат. Өскөнү жакшы, а бирок, малдын саны өскөн сайын тоют, жайыт сыяктуу түйшүгү да кошо жаралары анык. Дегенибиз, жергиликтүү бийлик жакынкы жайлоолордун оту качып, жери такырайып кеткенине байланыштуу көлдүк чабандарды сырт жайлоолорго көчүрүүгө аргасыз болушууда.  

Ак-Суу районунун Теплключенко айылынын тургуну Марат Кызаев ар жылы апрель айын ортолоп малын эл катары жайлоого чыгарчу. Бирок, малчылар алыска көчүп жатышканынан улам, музоосун, чабыр козуларын кошо айдап кетүүдөн баш тартышкан.

Биз малыбызды жыл сайын Көк-Туз жайлоосуна жиберчүбүз. Быйыл малчылар алыскы Кашка-Суу жайлоосуна көчүштү. Угушубузга караганда, айылга жакын жайыттар 3 жылга эс алдырылат экен. Малчылар мурдагы баа менен айына бодону 300-400 сомго, кой-эчкини 50 сомго кайтарып бермей болушканы менен, музоону, чабыр козуларды кошпой коюшту. Эми жайлата айылда багышка туура келет.

Анткени, облустагы 1 миллион 400 гектар жерди ээлеген айылга жакын жайыттардын оту качып, акыркы жылдардан бери чөп чыкпай калган. Бир себеби, мал көбөйүп, жер тебелендиге айланса, экинчи жагдай кургакчылыктын кесепетинен болууда. Өзгөчө Тоӊ, Ысык-Көл жана Жети-Ѳгүз райондорунда жердин кунары качып, абал оорлоду. Ошого байланыштуу жергиликтүү малчылар айылдан 150-200 чакырым алыс көчүүгө аргасыз.

— Мен өзүм Ак-Суу районунда турам. Биз жылда Чымынды-Сайды жайлачубуз. Чындыгында, жайыттын оту качып, жер азыктана албай калды. Айрыкча акыркы жылдары мал көбөйүп, жайытка батпай да баштады.

-Мурда чөп жакшы болуп, мал семизинен баспай келчү. Азыр жердин оту качып, мурдагыдай семирбей калды. Малдын санын эле көбөйтө бербей, асыл тукумга өткөрүү акырындап колго алына баштады. 

— Дыйканчылык кылалы десек, картошка, сарымсак, буудай-арпа мурдагыдай баа болбой калды. Эми мал менен гана алекпиз. Малдын да малдай азабы бар. Карышкыр жейт, жоголуп кетет дегендей. Төлөмөр болуп калган учурлар да көп. Айла жок, бала-чаканы багыш үчүн анысына деле кайыл болуп жатабыз. 

Айтсак, облус боюнча 2017-жылга салыштырмалуу уй 11 миң 500, кой-эчки 20 миӊ, жылкылар 568 башка көп катталган. Натыйжада, жакынкы жайыттардын абалын сактоо үчүн жайыт которуу демилгеси колго алынып жатканын облустук айыл чарба комитетинин бөлүм башчысы Эркинбек Сагынбеков билдирди. «Ал үчүн сырт жайлоолорго кете турчу жолдор, көпүрөлөр оӊдолуп, чабандарга шарт түзүү жагы да эске алынды», — дейт.

— Ысык-Көлдө жылдан-жылга мал көбөйүүдө. Бодо мал 237 миӊ 564, кой-эчки 916 миӊ, жылкы 18 миӊ 193 башка жетти. Сырт жайлоолорго баруу боюнча жайыт комитеттери жер-жерлерде колунан келген жардамын беришүүдө. Айрым айыл өкмөттөр техникалык каражаттар, чатыр, боз үй менен камсыздашууда.

Жайыттардын оту качканына байланыштуу облустун малчылары келерки 3 жылга чейин Жети-Ѳгүз району Ак-Шыйрак — Караколдун сыртын, Ак-Суу району Сары-Жаз — Эӊилчек тоолорун, Түп, Ысык-Көл райондору Казакстанга чектеш жайлоолорду жайлашат.

Copyright © 2017 Maral FM