Биз менен байланышыңыз

Порошенко Зеленскийдин дебат боюнча сунушуна макул болду

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Апр 2019 | 988 | 0

Украина президенти Петр Порошенко президенттикке талапкер Владимир Зеленский менен болуучу дебатка макулдугун билдирди. Дебат 19-апрелде Киев убактысы менен 19:00дө (Бишкек убактысы менен кечки 23:00) болору айтылган. Бул тууралуу ТАСС агенттиги кабарлайт.

Украина президентин шайлоонун биринчи туру 31-мартта өткөн. Анда Порошенко экинчи (15,95 пайыз добуш менен), ал эми Зеленский (30,24 пайыз добуш менен) биринчи орунга чыккан. Экинчи тур 21-апрелде болот.

Буга чейин эки тарап эки башка саатты айтып, бир убакытка келе алышпай жатышкан. Петр Порошенконун басма сөз катчысы Олег Медведев Владимир Зеленский дебатка пландалган саатка макул болбой койгонун, ошондуктан анын талапкери катышпай турганын билдирген.

Зеленский 19-апрелде өтөрү кабарланган дебатты кечки саат 7де баштоону сунуш кылса, Порошенко 4төн 6га чейин болсун деген.

Ал эми 14-апрелде Порошенко сунуш кылган дебатка Зеленский барбай койгон.

Copyright © 2017 Maral FM